Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 03:41
USD
88.90
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.950
0.975

Кыргызстанга чет өлкөлүк жарандарды киргизүүгө тыюу салынды (видео)

17.03.2020 11:54
740
Кыргызстанга чет өлкөлүк жарандарды киргизүүгө тыюу салынды (видео)

Кыргызстанга чет өлкөлүк жарандарды киргизүүгө тыюу салынды. Муну бүгүн, 17-мартта вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова өкмөттө өткөн брифингде билдирди.


Өмүрбекованын айтымында, адамдардын кирүүсүнө тыюу салынганы менен жүк ташуучуларга чектөө жок.


“Бүгүн республикалык штабда бардык чет өлкөлүк жарандарга Кыргызстанга кирүүгө убактылуу тыюу салуу маселеси каралды. Жүк ташуучуларга гана чектөө жок болот. Анын өзүнчө процедуралары бар. Тышкы иштер министрлиги тиешелүү билдирүүнү берет. Көптөгөн мамлекеттер ушундай чара көрүп жатышат», - деди ал.


Ошондой эле ал чет өлкөлөрдөн келген кыргызстандык жарандар обсервацияга жаткырылып, 14 карантининде болорун маалымдады.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн