Чын курандын 20, 2024
Убакыт: 17:29
USD
89.00
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.945
0.970

Кыргызстанга чейин жеткен индиялык штамм канчалык кооптуу?

Кыргызстанга чейин жеткен индиялык штамм канчалык кооптуу?


Саламаттыкты сактоо министрлиги Кыргызстанда британ, индиялык, түштүкафрикалык жана орусиялык штаммдар бар экенин маалымдады.

Учурда дүйнөнүн алдыңкы адистери индиялык штамм канчалык кооптуу экенин изилдеп жатышат. Себеби Индияда коронавирус кеңири жайылып, өлүм-житим кескин көбөйүп, жергиликтүүлөр экинчи толкунду "цунами" деп аташууда.

Коронавирустун индиялык штаммы деген эмнени билдирет?

Вирустар улам өзгөрүп, мутацияланып турат. Ошондуктан вирустун жаңы түрү улам пайда боло берет. Көп учурда вирустун жаңы түрү эч кандай коркунуч түзбөйт. Жада калса вирус алсызданып калышы ыктымал. Ага карабастан айрым учурда вирустагы өзгөрүүлөр аны күчтүүрөк кылышы мүмкүн.

Индиялык штамм расмий түрдө B1617 деп аталат. Аны алгач оетябрь айында Индияда аныкташкан. Учурда вирустун жаңы түрү канчалык кооптуу экени изилденүүдө. Январь жана март айында вирустан катуу жабыркаган Махараштра штатынан алынган анализдер, 361 кишинин 220сы индиялык штаммды жуктурганын далилдеген.


Андан бери вирус 21 мамлекетке тараганын GISAID глобалдык маалымат базасы билдирди. Британияда 22-февралдан тарта 103 кишиге индиялык штамм жукканы маалым. Кыргызстанда болсо канча кишиге бул штамм жукканы белгисиз.

Британия Индиядан келген саякатчыларды убактылуу кабыл албай турууну чечкен. Бирок буга индиялык штамм эмес, өлкөдөгү оор эпидемиологиялык кырдаал себеп болгон. Британиянын Коомдук саламаттык боюнча мекемеси индиялык штамм дыкат иликтенип жатканын, азырынча аны "вирустун кооптуу түрлөрүнүн" катарына кошпой турууну чечкенин билдирди.

Вирус тезирек жайылып жатабы?

Азырынча бул суроого так жооп жок. Вирусолог Жереми Камил индиялык штаммдагы өзгөрүүлөр түштүкафрикалык жана бразилиялык штаммдарга окшош экенин айтты.


Бул эки өлкөдө пайда болгон штаммдар иммундук системаны айланып өтүүнү үйрөнүп, тезирек жайылган. Мындай учурда вирустун жеңил түрүн жуктургандар, жаңы штаммга кайра кабылышы ыктымал.

Вирусологдор өзгөчө британ штаммынан кооптонуп жатышат. Вирустун бул түрү 50 мамлекетке тарап, Британиянын көп аймагына жайылды. Британ штаммы тез жайылып, коронавирустун мурдагы түрлөрүн алмаштырууда жана лабораториялык изилдөөлөр штаммдагы өзгөрүүлөр адамдын клеткаларына тез жайылууга мүмкүнчүлүк берерин аныктаган. Британ штаммы Кыргызстанда дагы бар экени тастыкталган.

Индиядагы өлүм-житимге вирустун жаңы түрү себепби?

Индияда күнүнө 200 миң киши вирусту жуктуруп жаңы рекорд коюлду. Өткөн жылы бир күндүн ичинде вирусту жуктургандар саны 93 миңден ашкан эмес. Ошол эле учурда өлүм-житим дагы көп болуп жатат.

Бирок буга индиялык штамм себеп эмес. Индиянын калкы жыш шаарларында санитардык эрежелер менен социалдык аралык сакталбай, вирус тез жайылып кетти. Көчөлөрдө Кыргызстандай эле беткап кийген эч ким жок. Дүйнөнүн алдыңкы адистери, анын ичинде Кыргызстандын Саламаттыкты сактоо министрлиги жарандарды эрежелерди сактап, беткап кийип жүрүүгө чакырат. Вакцина алгандар дагы маска кийип жүрүшү керек.

Сангер институтунун вирусологу Жеффрей Баррет индиялык штамм өткөн жылы аныкталганын эске салды: "Ошондон бери Индиядагы абал эми гана курчуп жатканын көрүп жатабыз. Демек, индиялык штамм B117 вирусундай (британ штаммы) тез жайылып жаткан жок".

Булак: bbc.com

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн