Чын курандын 29, 2024
Убакыт: 02:08
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Кыргызстанга германиялык туристтер поезд менен келди

06.09.2022 14:18
668
Кыргызстанга германиялык туристтер поезд менен келди

Кыргызстанга Казакстан аркылуу туристтик поезд менен Германиядан туристтер келди. Бул тууралуу "Кыргыз темир жолу" ишканасынан билдирди.


Маалыматка ылайык, туристтик сапардын максаты - өлкөнүн кооз жерлерин кыдыруу, кыргыз элинин тарых жана маданий мурастары менен таанышуу болуп саналат.


2022-жылдын август айында германиялык Lernidee Erlebnisreisеn GmbH туристтик компаниясынын өкүлдөрү Германиядан келе турган коноктор үчүн Кыргызстандын ичиндеги темир жол аркылуу туристтик турга көмөк көрсөтүү өтүнүчү менен “Кыргыз темир жолу” МИге кайрылышкан.


"Кыргыз темир жолу” ишканасы өлкөнүн туристтик потенциалын өнүктүрүүнүн алкагында бул демилгени колдоп, аталган турга ар тараптуу көмөк көрсөтүп, туристтик поезддин өлкө ичинде темир жол менен жүрүү шартын, коопсуздугун камсыздады. Алгач коноктор Германиядан учак менен Алматы шаарына 4-сентябрда, андан соң 5-сентябрда поезд менен Кыргызстанга келишккен.


"Иш-чаранын жүрүшүндө туристтер Боом капчыгайынын көркүнө күбө болуп, Ч.Айтматов атындагы "Рух Ордо" маданий борборунда болушуп, Ысык-Көлдү кыдырып чыгышы. Бүгүн, 6-сентябрда туристтик поезд Бишкек шаарына кайтып келди. Коноктор туркомпания уюштурган программанын калган бөлүгүн көрүшөт", - деп айтылат маалыматта.


Туристтер Кыргызстандан кийин Өзбекстанга барышып, андан соң өз мекенине кайтышат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн