Бугу 09, 2024
Убакыт: 04:18
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.955
0.975

Кыргызстанга iPhone 14 үлгүсүндөгү 15 телефонду мыйзамсыз алып кирүүгө аракет кылган орус жараны кармалды

Кыргызстанга iPhone 14 үлгүсүндөгү 15 телефонду мыйзамсыз алып кирүүгө аракет кылган орус жараны кармалды

Iphone 14 PRO үлгүсүндөгү 15 телефонду Кыргызстанга мыйзамсыз алып кирүүгө аракет кылган адам аныкталды. Бул тууралуу Бажы боюнча мамлекеттик кызмат билдирди.


Окуя 17-сентябрь күнү саат 04:50 чамасында болгон. Анда "Манас" бажысынын кызматкерлери текшерүү жүргүзүп жатып Дубай — Бишкек каттамы боюнча келген жүргүнчүлөрдүн биринин шектүү жүгүн аныкташкан. Маалым болгондой, бул жүк Россиянын М.Г.О. жаранына тиешелүү болгон. Анын ичинен Iphone 14 PRO үлгүсүндөгү 15 телефон табылган.

"Бул аппараттардын болжолдуу баасы 2 116 500 сомду түзгөн", — деп жазылат маалыматта.

Аталган иш Бирдиктүү реестрге катталып, телефондор тиешелүү органга өткөрүп берилгени кошумчаланды.


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн