Кыргызстанга импорттолгон автоунаалардын көрсөткүчү азайганы менен кээ бир чет өлкөлөрдөн келген жеңил автокөлүктөрдүн саны өскөн. Бул туурасында Статистика боюнча улуттук комитети билдирет.
Быйыл январдан тарта март айына чейин өлкөгө 2 272 автоунаа ташып киришкен, ал эми 2020-жылы бул сандар 3 907 болгон. Казакстандан келген темир тулпарлардын импорту азайган, сандар менен алсак, 2 213төн 51ге түшүп кеткен. Бирок айрым мамлекеттерден келген унаалардын саны өскөн. Алсак, Түштүк Кореядан келген унаалардын саны 14төн 569га, АКШдан келген унаалар 9дан 136га жана Литвадан келген унаалардын саны 11ден 130га өскөн.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн