Биз Кыргызстанда карантин киргизе албайбыз. Бул туурасында Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министри Алымкадыр Бейшеналиев "Биринчи радиого" берген маегинде айтып берди.
Анын айтымында, өткөн жылы карантин киргизилип, өлкө экономикасына катуу таасир тийгизген.
«Карантин киргизсек, кризис болуп, айлыктар, жөлөк пулдар, пенсиялар төлөнбөй калат. Карантинге киргизе албайбыз. Тескерисинче, Ысык-Көлдө туристтик сезон ачылды. Ал жерде биздин дарыгерлер катуу иштеп жатышат. Көрүнүп тургандай, ал жакта оорулуу адамдар көп эмес», - деди ал.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн