Жетинин айы 22, 2024
Убакыт: 14:02
USD
86.50
86.85
EUR
90.50
91.50
RUB
0.830
0.875

Кыргызстанга сырттан кайдан жана канча акча келери айтылды

28.05.2020 12:00
1366
Кыргызстанга сырттан кайдан жана канча акча келери айтылды


Кыргызстандын учурда эл аралык донорлордон 462 миллион доллардан ашуун каражат жардам катары алуу жөнүндө келишимдери бар. Бул тууралуу Республикалык ыкчам штабдан билдирди.


Маалыматка ылайык, Эл аралык валюта фондунан 2 транш менен насыяга болжол менен 242 миллион доллар келген. Бул акча республикалык бюджетти толтурууга багытталган.

Ал эми Азия өнүктүрүү банкынан 3 транш менен каражат келет. Биринчи транш боюнча, финансы мекемеси менен келишимге кол коюлган. Ага ылайык, июнь айынын башында 50 миллион доллар келет, мунун жарымы гранттык негизде.
Экинчи транш менен дагы 50 миллион доллар келет. Экөө тең бюджетти колдоого багытталат. Мындан тышкары, АӨБ 20 миллион доллар бөлөт. Бул коронавируска каршы күрөшүү үчүн медициналык керектүү жабдуулар менен дары-дармек алууга жумшалат. Жалпысынан Азия өнүктүрүү банкы 120 миллион доллар берет. 


Дүйнөлүк 
инвестициялык банк COVID-19 боюнча ыкчам долбоор жана Кыргызстандагы табигий кырсыктарга туруштук берүүнү жакшыртуу долбоорлоруна 21 миллион 150 миң доллар бөлүп берет. Анын жарымы гранттык, теңи насыялык негизде. Бул саламаттыкты сактоо тармагын колдоого коротулат. 


Ислам өнүктүрүү банкы дары-дармек сатып алуу үчүн 15 миллион доллар насыя берет.

Евросоюз билим берүү программасын жүзөгө ашыруу үчүн 15
миллион 300 миң евро бөлөт. Санариптештирүүгө байланыштуу иш-чаралар үчүн 6 миллион евро, социалдык коргоо чөйрөсүнө 9 миллион 500 миң евро, жалпысынан Евробиримдик Кыргызстанга 33 миллион 880 миң долларды гранттык негизде берет.

Германия өнүктүрүү банкынын 30 миллион 352 миң 500 доллар өлчөмүндөгү каражаты азык-түлүк коопсуздугун мындан ары да камсыз кылуу максатында фермерлерди колдоого жумшалат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн