Улуттук статистика комитетинин соңку маалыматтары боюнча, I кварталда 49 мамлекеттен 170,9 миллион долларлык түз инвестиция жасалган.
Алдыңкы үчтүккө кирген мамлекеттер:
- Россия — 44 миллион 759,6 миң доллар;
- Кытай — 29 миллион 351,8 миң доллар;
- Улуу Британия — 17,8 миллион доллар.
Эгер ЕАЭБ мамлекеттерин ала турган болсок, Россиядан, Казакстандан, Армениядан жана Беларустан жалпы жонунан 58,4 миллион доллар инвестиция кирген. Бул чет элдик инвестициянын көлөмүнүн 34 пайызын түзөт, башкача айтканда үчтөн бир бөлүгүнөн ашыгы ЕАЭБ мамлекеттерине туура келет.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн