Бугу 17, 2024
Убакыт: 21:40
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Кыргызстанга кайтуу тизмесине кирүүнү каалаган жарандар Элчилик кызматкерлерине кол салууда

11.07.2020 10:53
1229
Кыргызстанга кайтуу тизмесине кирүүнү каалаган жарандар Элчилик кызматкерлерине кол салууда


Россиянын Ички иштер министрлигинин Москва шаары боюнча башкы башкармалыгы “WhatsApp” мессенджери аркылуу Москвадагы КРнын Элчилигинин имаратына жана анын кызматкерлерине кол салууга үндөгөн жарандарды аныктоого багытталган ыкчам тергөө иш-чараларын жүргүзүп жатат.


Элчиликтен маалымдашкандай, азыркы убакта “Москва изилдөө борбору” тарабынан бул иштин материалдары боюнча психологиялык жана лингвистикалык изилдөөлөр жүргүзүлүүдө. Экспертиза аяктагандан кийин РФнын жазык жана административдик мыйзамдарына ылайык жарандарды жоопкерчиликке тартуу боюнча чаралары көрүлөт.


Мындан тышкары, Москва шаарынын Якиманка району боюнча Россиянын Ички иштер министрлигинин бөлүмү тарабынан Элчиликтин кызматкерлеринин (Н.А. жана С.A.) кызматтык милдеттерин аткарып жаткан учурунда денелерине залал келтирүү фактысы боюнча эки арызы катталды. Ошол себептен улам, КРнын жараны Б.А. жана Кыргызстанда төрөлгөн РФнын жараны М.А. карата тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.


Кыргызстанга кайтуу үчүн түзүлүп жаткан тизмесине киргизүү максатында Элчиликке кайрылган КРнын жарандары тарабынан Элчиликтин кызматкерлерин уруп-сабоо, кордоо сыяктуу мыйзамсыз иш аракеттердин көбөйүп жаткандыгына байланыштуу Элчилик дипломатиялык өкүлчүлүктүн имаратынын коопсуздугун бекемдөө ниетин белгиледи.


Ошондой эле, Элчиликтин кызматкерлеринин өмүрүн жана ден соолугун сактоо максатында 1961-жылындагы Дипломатиялык мамилелер жөнүндөгү Вена конвенциясынын 22-беренесине ылайык, Элчиликтин имаратын кандайдыр бир басып кирүүдөн коргоо жана кызматкерлердин жеке жактарына, эркиндигине же кадыр-баркына шек келтирүүнүн алдын алуу үчүн провокаторлорду жана күнөөлүүлөрдү Россиянын жазык жана административдик мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартуу өтүнүчү менен Элчилик РФнын Тышкы иштер министрлигине кайрылууга аргасыз болду”, - деп билдирди Элчиликтин басма сөз кызматы.


Маалыматта кошумчалангандай, коомдук тартипти бузууга багытталган ар кандай иш аракеттер, коркутуулар, кемсинтүүлөр жана Элчиликтин кызматкерлерине карата башка мыйзамсыз аракеттерге жол берилбейт жана ага кескин түрдө бөгөт коюлат.


Мындан улам жарандарды сабырдуулукка, адамгерчиликке, өзгөчө коргоого алынган Элчиликтин, Консулдуктардын жана Канцеляриянын имараттарында тартипти, жүрүм-турум эрежелерин так сактоого чакырды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн