Бугу 17, 2024
Убакыт: 15:37
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Кыргызстанга кайтуудан баш тарткан. Украинадагы элчи согуштук аракеттерге катышыгы бар деген жаран боюнча маалымат берди

15.05.2022 12:41
927
Кыргызстанга кайтуудан баш тарткан. Украинадагы элчи согуштук аракеттерге катышыгы бар деген жаран боюнча маалымат берди

Кыргызстандын Украинадагы элчиси Идрис Кадыркулов Украианын аймагында согуштук аракеттерге катышыгы бар делген жаран тууралуу маалымат берди. Бул тууралуу Идрис Кадыркулов социалдык тармактагы баракчасына жазды.


Анын айтымында, ал жаранга Кыргызстанга бекер кайтууга мүмкүнчүлүк берилген. Бирок ал баш тарткан.



"Элчилик Украинанын аймагында жүргөн бардык Кыргыз Республикасынын жарандары тууралуу кабардар. Жогоруда көрсөтүлгөн К.у.А. аттуу жаран тууралуу дагы толук маалыматыбыз болгон.


Эвакуациялык иш-чаралар башталгандан тартып, Элчилик ага Кыргызстанга бекер кетүүсүнө жардам берүүгө даяр жана аскердик иш-аракеттерге катышпоо керек экендигин бир нече ирет айтып, эскерткен.


Бирок, ал Кыргызстанга кайтуудан баш тарткан. Аталган жаран аймактык күзөт кызматында (территориальная оборона) санитарларга жардам берип жүргөндүгү жөнүндө билинген. Бул тууралуу Кыргызстандын тийиштүү органдарына ошол замат кабар берилген",- деди элчи.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн