Тогуздун айы 06, 2024
Убакыт: 22:18
USD
84.60
85.10
EUR
92.70
93.70
RUB
0.880
0.925

Кыргызстанга келүү үчүн 600дөн ашык чет өлкөлүк IT-адис кайрылды

11.10.2022 17:02
317
Кыргызстанга келүү үчүн 600дөн ашык чет өлкөлүк IT-адис кайрылды

 “Санарип көчмөн” долбоору аркылуу Кыргызстанга келүүгө 600дөн ашык чет өлкөлүк жаран арыз берди. Бул тууралуу маалымат жыйында эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев билдирди.


Анын айтымында, кайрылгандардын ичинен 182 адам каттоодон өттү, калганы каралууда.


“Негизинен IT-адистери аталган долбоор аркылуу келишет. Долбоорго Азербайжан, Армения, Казакстан, Россия, Молдованын жарандары кайрыла алышат”, - дейт министр.


Базарбаев "Санарип көчмөн" деген статус чет өлкөлүктөргө (IT-адистери) акысыз берилерин кошумчалап кетти.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн