Бугу 17, 2024
Убакыт: 21:54
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Кыргызстанга кетчү жарандардын тизмесине кошом деп акча алган адамга кылмыш иши козголду

23.06.2020 10:07
1073
Кыргызстанга кетчү жарандардын тизмесине кошом деп акча алган адамга кылмыш иши козголду


Москва шаарында мекенине кайтып кетчү жарандардын тизмесине кошом деп акча алган адамга кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Россиядагы Элчиликтин басма сөз кызматынан билдирди.


Элчиликте тууганы (жакыны) иштейт деп адамдардын ишеничине кирип, аларды мекенине кайтып кетчү жарандардын тизмесине кошом деп убада берип, үч кыргызстандыкка  54 миң рубль өлчөмүндөгү материалдык зыян келтирген.


Бул факт боюнча Россиянын мыйзамдарына ылайык күнөлүү жаранды жазык жоопкерчилигине тартуу боюнча тийиштүү ыкчам тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп жатканы айтылат.


Маалыматка таянсак, Элчиликке келип түшкөн кайрылуулардын жана даттануулардын негизинде ар бир факты боюнча кылдат иликтөө жүргүзүлүүдө.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн