Чын курандын 07, 2025
Убакыт: 12:00
USD
86.60
87.10
EUR
94.70
95.70
RUB
1.005
1.045

Кыргызстанга көчүп келүүчү этникалык кыргыздарга берилүүчү мамкепилдиктер жөнүндөгү мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди

24.01.2024 17:44
381
Кыргызстанга көчүп келүүчү этникалык кыргыздарга берилүүчү мамкепилдиктер жөнүндөгү мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди


Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасына көчүп келүүчү этникалык кыргыздарга берилүүчү мамлекеттик кепилдиктер жөнүндө” КР Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” КР Мыйзамына кол койду.

Мыйзам 2023-жылдын 13-декабрында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.

Мыйзамда белгиленген үлгүдөгү документ (кайрылмандын күбөлүгү) менен ырастала турган адамдын укуктук статусунан тышкары, ошондой эле социалдык статусун караган “кайрылман” жана “кайрылмандын статусу” түшүнүктөрү кайра каралган.

Социалдык статус берүү жана ырастоочу документтин болушу кийин кайрылман статусуна ээ болгон этникалык кыргыздарга мамлекет тарабынан кепилденген социалдык жеңилдиктерди, анын ичинде мамлекеттик медициналык мекемелерде медициналык-санитардык жардамды, ошондой эле калктуу конуштардын жерлеринин категориясынан турак үй куруу жана тейлөө, жеке көмөкчү чарба жүргүзүү үчүн жер участокторун пайдаланууга мүмкүндүк берет.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн