Аяк оона 21, 2024
Убакыт: 17:52
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Кыргызстанга март айынан бери Россиядан 11 миңден ашык жаран кайтып келди

01.07.2020 17:51
994
Кыргызстанга март айынан бери Россиядан 11 миңден ашык жаран кайтып келди

Кыргызстанга ушул жылдын март айынан бери Россиядан 11 миңден ашык кыргызстандык жаран кайтып келди. Бул тууралуу Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин маалыматында айтылат. 


Маалымата караганда, дагы 7 миңден ашык адам мекенге кайтууну каалайт. 


"Ушул жылдын 20-мартынан 27-июнуна чейинки аралыкта Россиядан Кыргызстанга жалпысынан 53 авиакаттам жана 20 автобус каттамы уюштурулган. Анда 11 миң 784 жаран Кыргызстанга кайтып келди. 


Мекенге кайтууну каалаган жарандардын тизмесине жазылгандардын саны 7 миң адамдан ашкан. Июль айынан тарта жума сайын Москва–Ош жана Москва–Бишкек аба каттамын уюштуруу планы бар", - деп айтылат маалыматта. 

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн