Кыргызстанга ташылып келе жаткан оң рулдуу автоунаалар кыргыз-казак чек арасында кармалды. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, “Чалдыбар” өткөрмө бекетиндеги текшерүү учурунда Кыргызстанга мыйзамсыз жүк ташуучу автоунааларга жүктөлүп келе жаткан оң рулдуу тогуз автоунаа кармалды.
Транспорттордун документи автотетик катары жазылып, Японияда чыгарылган техникалар бүтүн абалда болгону жана жүрүүгө жөндөмдүү экени такталган.
Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тергөө иштери жүрүп жатканы айтылат.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн