Бугу 19, 2024
Убакыт: 13:31
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Кыргызстанга президенттик башкаруу керек! Сурамжылоонун жыйынтыгы

13.04.2020 16:26
1073
Кыргызстанга президенттик башкаруу керек! Сурамжылоонун жыйынтыгы


1-апрелде «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик түзүлүшүн аныктоо боюнча референдум дайындоо жөнүндө» мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлуп, Жогорку Кеңештин расмий сайтына илинген. Ал мыйзамдын демилгечиси парламенттеги “Республика - Ата Журт” фракциясынын депутаты Курманкул Зулушев. 


Бул мыйзам долбоорун талкууга алып чыгуу өлкөдө коронавирустан улам өзгөчө абал киргизилген мезгилге туура келгени коомчулукта сынга алынган. Демилгечи депутат мыйзам долбоорун ага чейин сунуштаганын, аны Жогорку Кеңештин сайтына жайгаштыруу 1-апрелге туш келип калганын айткан. Мындан улам “Медиа центр” мультимедиалык-маалымат агенттиги өз окурмандары арасында Кыргызстанга кандай башкаруу керектиги боюнча сурамжылоо жүргүзгөн.


Анын жыйынтыгы менен сурамжылоого катышкан окурмандардын көпчүлүгү президенттик башкарууну колдошорун билдиришкен. 


Сурамжылоонун жыйынтыгы: 


Парламенттик - 19 добуш (24.05%)

Президенттик54 добуш (68.35%) 

Парламенттик - президенттик6 добуш (7.59%)


Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Асан Саипов
Бизге президенттик башкаруу эле керек...