Бугу 18, 2024
Убакыт: 11:43
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Кыргызстанга сентябрь айында Pfizer вакцинасы келиши күтүлүүдө

Кыргызстанга сентябрь айында Pfizer вакцинасы келиши күтүлүүдө

Кыргызстанга сентябрда 259 миң доза Pfizer вакцинасынын келиши күтүлүүдө. Бул тууралуу Республикалык иммунопрофилактика борборунун директору Гүлбара Ишенаписова АКИpress агенттигине билдирген.


Анын айтымында, вакцина COVAX программасы аркылуу алынат.


"Pfizer вакцинасы сентябрь айында келиши күтүлүүдө. Учурда бул вакцинаны алууга даярдыктар жүрүп жатат. Муздаткыч жабдуулар менен камсыз кылуу маселелерин карап жатабыз. Вакцина муздак температурада сакталгандыктан чоң шаарларда гана колдонулат", - деп билдирген Ишенаписова.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн