Бугу 21, 2024
Убакыт: 18:21
USD
88.00
88.90
EUR
95.50
96.50
RUB
0.965
0.990

Кыргызстанга сырттан 291,9 млн доллар келди

02.07.2020 12:00
2187
Кыргызстанга сырттан 291,9 млн доллар келди

 

Кыргызстанга Эл аралык валюталык фонду менен Азия өнүктүрүү банкынан 291,9 миллион доллар келди. Бул тууралуу финансы министри Бактыгүл Жеенбаева брифингде билдирди.


Анын айтымында, бюджетти колдоо максатында гранттык жана кредиттик негизде эл аралык донорлордон 408,1 миллион доллар алуу каралган.


“Эл аралык валюталык фонду линиясы боюнча көмөктүн өлчөмү 241,9 миллион АКШ долларын түзөт. Ал эми Азия өнүктүрүү банкы (АӨБ) 50 миллон доллар которду. Учурда жалпысынан 291,9 миллон доллар келди. Дагы 116,2 миллон доллар жардам катары күтүлүүдө”, - деди Жеенбаева.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн