Аяк оона 21, 2024
Убакыт: 11:41
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Кыргызстанга Өзбекстандан 17 вагон гуманитардык жардам келди

02.04.2020 16:14
1040
Кыргызстанга Өзбекстандан 17 вагон гуманитардык жардам келди


Кыргызстанга коронавирус инфекциясынын жайылышына каршы күрөшүү боюнча аракеттерге колдоо көрсөтүү максатында Өзбекстан республикасынан гуманитардык жардам келди, деп маалымады өкмөттүн басма сөз кызматы

Өзбекстандын Андижан облусунун Өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынын башчысынын орун басары Жасурбек Каримов коштоп келген жүктү Ош шаарынан өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаев жана өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Равшан Рысбаев тосуп алды.

Өзбекстандан гуманитардык жардам катары 1000 тонна ун, 7000 комплект медициналык коргонуу костюм, 200 даана 95 респиратору, 20 000 кол кап, 500 даана көз айнек, 200 медициналык пирометр жана 2000 тест-системасы жеткирилди.

Гуманитардык жардам поезд аркылуу келип, 17 вагонго бардык санитардык-эпидемиологиялык талаптарды сактоо менен жүктөлгөн.

Кыргыз тарап Өзбекстандын өкмөтүнө көрсөтүлгөн колдоону жогору бааларын жана боордош өзбек элине көрсөткөн жардамы үчүн терең ыраазычылыгын билдирет.

Белгилей кетсек, Өзбекстандан келген бул гуманитардык жардам Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кампасына түшүрүлөт жана тармактык мамлекеттик органдардын макулдашуусу менен аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө таратылат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн