Кыргызстанга Өзбекстандан "Гепарин" дарысынын 10 миң таңгагын алып келишти. Бул тууралуу Кыргызстандын Өзбекстандагы элчилигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, бул маселе ТИМдин деңгээлинде чечилди.
"Дипломаттар Өзбекстандын бийлиги менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, Кыргызстандын фармкомпанияларынын бирине дары-дармектерди сатып алууга көмөктөштү. Өзбекстан жергиликтүү фармкомпанияга Наманган шаарындагы заводдо чыгарылган "Гепарин" дарысынын 10 миң таңгагын берди",- деп айтылат маалыматта.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн