Баш оона 02, 2025
Убакыт: 04:53
USD
87.30
87.80
EUR
99.40
100.40
RUB
1.080
1.110

Кыргызстанга Өзбекстандын курулуш министри Шерзод Хидоятов келди

01.08.2025 09:28
29
Кыргызстанга Өзбекстандын курулуш министри Шерзод Хидоятов келди


Бишкекке Өзбекстандын курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба министри Шерзод Хидоятов баштаган делегация келди.


Кыргызстандын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришкендей, делегация Кыргызстандын курулуш боюнча биринчи мамлекеттик органынын түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата салтанаттуу иш-чарага катышат.


Курулуш министри Нурдан Орунтаев Өзбекстандан келген делегация менен жолукту. Ошондой эле аларды борбор калаадагы курулуш объектилери менен тааныштырып, курулуш жаатындагы эки тараптуу кызматташтыкты бекемдөө жана талкуулоо үчүн сүйлөшүүлөр жүргүзүлөрү пландалган.


Белгилей кетсек, Курулуш министрлигинин 100 жылдыгына карата уюштурулган салтанаттуу иш-чара 1-августта өтөт.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн