Бугу 19, 2024
Убакыт: 20:49
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Кыргызстанга жардамга түшкөн 243 млн доллардын 241 миллиону насыя

17.05.2020 14:05
1797
Кыргызстанга жардамга түшкөн 243 млн доллардын 241 миллиону насыя


Кыргызстанга келип түшкөн жардамдардын көлөмү 243 млн АКШ долларын түзөт. Бул тууралуу вице-премьер-министр Эркин Асрандиев “Ата Мекен” фракциясынын жыйынында депутат Сайдулла Нышановдун суроосуна жооп берип жатып билдирди.


Анын 241,6 млн АКШ доллары Эл аралык валюта фондунан өлкө бюджетин колдоого берилген насыя, ал эми 1,8 млн АКШ доллары коронавирус илдетине каршы күрөшүү үчүн бир катар эл аралык уюмдардан алынган.


Өз кезегинде депутат Каныбек Иманалиев өкмөттүн антикризистик планын колдоп, социалдык төлөмдөрдү аткаруу, чек ара маселелерин чечүүгө бөлүнгөн 17 млн сомду кыскартпоо жана айыл өкмөттөрдү өнүктүрүү үчүн каралган 2 млрд сому азайтпоо сындуу үч негизги сунушту берди.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн