Аяк оона 17, 2024
Убакыт: 01:44
USD
84.40
84.90
EUR
93.20
94.20
RUB
0.915
0.960

Кыргызстанга жети өлкөнүн куткаруучулары келди

21.08.2024 09:47
483
Кыргызстанга жети өлкөнүн куткаруучулары келди


Күн мурун өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Урматбек Шамырканов Эл аралык жарандык коргонуу уюмуна мүчө-мамлекеттердин тоо куткаруучуларын кабыл алды.

Ведомстводон маалымдашкандай, министрдин орун басары алгач чет элдик куткаруучуларды тоолуу Кыргызстанга келиши менен куттуктады. Ал өз сөзүндө ӨКМдин Куткаруучуларды даярдоочу борборуна келген чет өлкөлүк куткаруучулар ар жылы жергебиздин бийик тоолорунда тоо кырсыктарынан куткаруу иштерине машыгып, тажрыйба топтоп кетишерине токтолду.

“Эл аралык X машыгуунун алкагында Кыргызстандын бийик тоолоруна жүрүш жасоо менен тоодон жабыркаган жарандарга ар тараптуу жардамдарды көрсөтүүгө үйрөнүп, тажрыйба топтойсуздар. Аскага чыгуу, түшүү жана жабыркаган жарандарды аскадан түшүрүү көндүмдөрүн окутуу эл аралык деңгээлде уюштурулат. Ажайып жергебиздин бийик тоолорунда машыгуу, өз өлкөңүздөрдө ийгилик жаратууга түрткү берет”, - деди Шамырканов.

Айта кетсек, уюмдун программасынын алкагына 19-31-август аралыгында Чүй облусунун Чуңкурчак капчыгайына, Татыр аскалуу тоосуна, Ала-Арча капчыгайында, Кегетидеги Көл-Төр бийик тоолуу көлүнө жүрүш жасоо камтылган.

Ошондой эле Кыргызстанда туризмди өнүктүрүүгө салым кошуп, Ысык-Көл дубанындагы Семеновка, Григорьевка капчыгайларында жети мамлекеттен келген куткаруучуларга машыгуу көндүмдөрдү үйрөнүшүп, кесипкөйлүк деңгээлде тажрыйбасын жогорулатышмакчы.

Белгилей кетсек, бул жолку окутууга Россия, Казакстан, Малайзия, Монголия , Иордания, Египет, Сауд Арабия өлкөлөрүнөн келишкен.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн