Чын курандын 25, 2024
Убакыт: 22:54
USD
88.90
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.950
0.975

Кыргызстанга жүк ташуучу вагондордун биринчи партиясы келди

23.12.2021 16:13
378
Кыргызстанга жүк ташуучу вагондордун биринчи партиясы келди

Кыргызстанга жүк ташуучу вагондордун биринчи партиясынын келиши – кыргыз темир жолун жаңылоонун башталышы. Бул туурасында министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Азиз Аалиев «Бишкек-1» темир жол станциясында өлкөгө 10 вагондун алынып келишине байланыштуу өткөн иш-чаранын жүрүшүндө билдирди.


Азиз Аалиев белгилегендей, Кыргыз Республикасынын президенти тарабынан Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин алдына өлкөнүн транзиттик потенциалын жогорулатуу жана экономикадагы жүктөрдү ташууга болгон муктаждыктарды канааттандыруу милдети коюлган. Буга байланыштуу министрлер кабинети 100 жүк ташуучу вагон сатып алуу чечимин кабыл алган.


«Бүгүн биз жүк ташуучу вагондордун биринчи партиясын тосуп алуудабыз. Сиздерге маалым болгондой, ишканада көп убакыттан бери темир жол составы жаңыртылган эмес. Үстүбүздөгү жылдын 11 айынын жыйынтыгы боюнча мамлекеттик ишкананын финансы-экономикалык ишмерлиги жакшы темпте жүрүүдө жана анын кирешеси 1 млрд 600 млн сомдон жогору болуп, бул сатып алууну жеке каражаттардын эсебинен жүргүзүүгө мүмкүндүк алган. Өлкө президенти тарабынан ишкана жетекчилиги астына «Кыргыз темир жолун» реформалоо, мурда орун алган коррупциялык процесстерди жоюу жана анын алдын алуу боюнча милдеттер коюлган. Бүгүн биз белгилүү натыйжаларды көрүп жатабыз. Министрлер кабинети «Кыргыз темир жолунун» составын модернизациялоо, заманбап талаптарга жооп берген жаңы локомотивдерди, жүргүнчү вагондорду сатып алуу максатында мындан ары карай дагы ишканадагы реформаларды колдоого умтулууда», - деди ал.


Министрлер Кабинетинин башчысынын орун басары кошумчалагандай, «Кыргыз темир жолу» транспорттук жана азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо курамында маанилүү элемент болуп саналат. Анын айтымында, дээрлик бардык жүк ташуу токтотулган пандемия учурунда, «Кыргыз темир жолу» ташуулардын көлөмүн жогорулата алган жана коңшу өлкөлөрдөн жүк транзитин камсыздаган жалгыз ишкана катары саналган.


«Жакынкы жылдары чоң реформалар жүргүзүлөт. Биз Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан жаңы темир жол магистралын куруу долбоору үстүндө иштөөдөбүз, бул ишкананын эл аралык деңгээлге чыгуусуна жана эл аралык жүктөр үчүн транзиттик коридорду камсыздоого мүмкүндүк берет. Балыкчы–Кочкор–Кара–Кече темир жолун куруу боюнча иштер жүрүүдө», - деди Азиз Аалиев.


Андан соң министрлер кабинетинин башчысынын орун басары «Кыргыз темир жолу» УК» мамлекеттик ишканасынын иши менен таанышты, «Бишкек 1» темир жол станциясындагы жүргүнчүлөр вагонун оңдоо заводун, локомотив депосун, диспетчердик пунктту кыдырып чыкты. Ошондой эле ал ишкана жамааты менен жолугуп, анда мамлекеттик ишкананы өнүктүрүү планы тартууланды.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн