Жетинин айы 22, 2024
Убакыт: 12:51
USD
86.50
86.85
EUR
90.40
91.40
RUB
0.845
0.885

Кырк чоро кыймылынын өкүлдөрү аялдардын митингине каршы аракетин улантышарын айтты

10.03.2020 13:51
1354
Кырк чоро кыймылынын өкүлдөрү аялдардын митингине каршы аракетин улантышарын айтты


Эгерде аялдар туура эмес лозунгдар менен чыга турган болсо, биз өзүбүздүн кыршылык аракеттерибизди көрүүнү улантабыз, деп билдирди "Кырк чоро" кыймылынын мүчөсү Кубанычбек Дүйшеев бүгүн, 10-мартта Аялдардын эркиндигин талап кылган тынчтык митингинде.


"Өткөндөгү митингде аялдар "Келинизм - это рабство" деген лозунгдарды жазып чыгышты. Муну менен салтка доо кетирип жатышат. Мындан кийин ушундай чакырыктар дагы айтыла турган болсо өзүбүз билген чараларды колдонобуз, таарынбашсын, алдын ала ачык айтып коеюн", - деп эскертти ал.


Анын пикиринде,  эгерде алардын иш аракеттери туура эмес деп жоопко тарта турган болсо, мыйзам алдында жооп берүүгө даяр экенин кошумчалады.


Эске салсак, милиция "Кырк чоро" кыймылынын 5 мүчөсүнө буга чейин 3000 сомдон айып пул салган. 



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн