Бугу 04, 2024
Убакыт: 04:11
USD
88.70
89.60
EUR
94.80
95.80
RUB
0.945
0.975

Кыркса, өсөт. Чачка кам көрүүгө байланышкан мифтер

03.04.2024 14:58
133
Кыркса, өсөт. Чачка кам көрүүгө байланышкан мифтер


"Чачым өспөй калды, кыркышым керек", "Какач болду, айран менен жуушум керек".

Чачка кам көрүүдөгү жаңылыш же эмнегедир айрымдарына жардам берип, кээ бирине таасир этпеген ыкмалар бар. Аларды сиз менен биз адистердин кеңешисиз тапканбыз. Мындай ыкмалар чын эле чачыңызга кам көрүп жатабы же тескерисинче зыянын тийгизеби? 

Биз чачка байланышкан мифтерди топтоштурдук. Төмөндө Оштогу дерматолог, трихолог Самара Турсункулованын мындай ыкмаларга болгон пикирин окусаңыз болот. 


1- миф: чачты кырккандан кийин жакшы өсө баштайт 

"Чачтын өмүрү бир нече этаптан турат. Эң узагы (анаген) өсүү этабы. 90 пайыз чач ушул өсүү баскычында болот. Бул этаптын соңунда (катаген этабы) чач өскөнүн токтотуп, өлүп, түшкөнгө даярдана баштайт. Мында 1% чач болот. Андан кийин (телоген) өлгөн чачтар түшүп, жаңысы калыбына келе баштайт. Ага үч айдай убакыт кетет. Башкача айтканда, чачтын өсүшү кырккандан көз каранды болбойт". 


2- миф: гүлдөгөн чачка кам көрүү үчүн кыркуу керек

"Айрымдардын "Чач гүлдөгөндө кырксаң өсө баштайт" дегени - миф. Гүлдөгөндү медициналык термин менен айтканда трихоптилоз деп коёт. Каалаган адамда, каалаган жашта болушу мүмкүн. Мындайда чачтарда клеткалык деңгээлде өзгөрүү болот. Алар жабыркап, кутикуласын жоготот. Чач жашоо күчүн жоготуп, ичке, морт болуп калат. Анан чачтын учун кырка баштайбыз. Бирок бул анын көрүнүшүн гана жакшыртышы мүмкүн. Жашоо күчүн жоготкон чачтын абалын жакшыртууга жардам бербейт. Мындай трихоптилоз - чачка туура эмес кам көрүүдөн, утюжок, плойка, фен колдонгондон пайда болушу мүмкүн. Өнөкөт оорусу барларда, организмге суу жетпегенде да чач жабыркап, гүлдөп кетет. Витамин жетишсиздиги, өнөкөт стресс да себеп болот".
 

3-миф: "Какачка каршы" деген шампунь сөзсүз какачты кетирет

"Негизи чачта какач болбошу керек. Анын пайда болушуна да ар кандай факторлор себеп болот. Какачтын майлуу себорея, кургак, аралаш себория деген түрлөрү бар. Майлууда баштын тери майы көбүрөөк иштеп чыгылат, кургакта тескерисинче аз. Какачка каршы деп жазылган шампунду, туура келбеген түрүн колдоно берсек майлуу какачты кургак түрүнө алып келип коюшубуз мүмкүн. Себеби тери майын жууп тазалай беребиз дагы, жыйынтыгында тери өтө кургак болуп кетет. Анан тери майынын аз бөлүнүшүнө алып келет. Чач ичке, морт боло баштайт. Башкача айтканда, алгач адиске кайрылып какачтын себебин таап, андан соң кам көрүү керек. Какач тукум кууп пайда болушу, май бези туура эмес бөлүнгөндөн болушу мүмкүн. Мисалы, баланын өткөөл курагында май бези көбүрөөк иштелип чыгып калат. Бирок бул себеп болсо ал убактылуу эле, бара-бара жоголот. Какачтын пайда болушуна нерв системаларынын оорусу, стресс, башка ооруларга ичкен даарылар таасир этиши мүмкүн".

 

4-миф: чачка ак түшкөндө кырып койсо, жаңыдан карасы чыгат

"Чачтын агаруусу мелонин пигментине байланыштуу болот. Негизи 30 жаштан жогору курактагы адамдардын чачына ак түшсө, бул нормалдуу көрүнүш. Эгер ак чачтар эрте түшө баштаса, бул генетикага байланыштуу болушу мүмкүн. Андан кийин витамин, микроэлемен, аминокислота, белоктордун жетишсиздигинен болот. Андан сырткары онкологиялык, аутоимунный оорулар болсо, ультрафиолет нурларынын таасири көп болсо чач агарышы мүмкүн. Мындайда чачты кырса, кайра эле ошол факторлордон улам ак чач аралаш чыгат".

 

5-миф: үй шартында айран какачты кетирет  

"Айрандын курамында май бар да. Белок, суу болот. Май көп болгону үчүн майлуу себорея болсоңуз, катмар-катмар болуп катып калган какачты алып берет. Бирок кайра эле терини ашыкча тазалап салып кургак какачка алып келиши мүмкүн. Эгер, какачтын майлуу түрү экенин билип, ага канча өлчөмдө айран колдоноорун түшүнсө кандайдыр бир деңгээлде жардам берет. Бирок какачтын башка түрлөрүндө же ушул эле майлуу какачка ашыкча колдонгондо тескерисинче терини жабыркатып коёт".

 

6-миф: уяча чач түшүүнү же таз болууну үй шартында дарыласа болот 

"Бизге гнездная алопециядан (уяча болуп, чач түшкөн көрүнүш) жабыркап көп келишет. Басымдуусу үй шартында калемпир сүйкөп, чеснок растворун колдонуп, жыйынтык болбогондон соң кайрылат. Косметологияда ийне сайдырган, мезотерапия, плазмотерапия алган болот. Чачтын уяча, уяча болуп түшүшүнүн негизи себеби нерв системасынын жабыркашы, стресс. Анын да өзүнүн этаптары бар. Калыбына келе баштаганда (регресс этабында) булар жардам берет. Ал эми күчөп жаткан этабында эч кандай эффект бербей, уколдор тескерисинче чач түшкөн жердин очогун чоңойтуп салышы мүмкүн. Анын этабын билүү үчүн адис аппаратта көрүшү керек. Болбосо таасири болбойт же көбөйтүп жиберет".

 

7-миф: шампунь канчалык кымбат болсо, ошончолук химикат көп болот

"Шампундун баарында баасы, маркасына карабай базалык курамы бирдей болот. Мисалы, суу жана үстүртөн активдүү заттардан (Поверхностно активные вещества) турат. Шампундар базалык жана профессионалдуу болуп бөлүнөт. Базалык шампундар кадимки базарда аралаш сатылганы. Анын курамында 80% суу, калганы башка кошулмалар болот. Профессионалдуу шампундарда 60% суу 40%дайы активдүү заттар. Бул базалык курамдан сырткары май, витаминдер жана башка кошумчалар болот. Баасы ошон үчүн кымбатыраак болушу мүмкүн" .


Булак: T-Media

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн