Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 13:04
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Кыш бала салганда

09.02.2021 08:48
1494
Кыш бала салганда


Башта жааган кар да, муз да эриген,
Жер ачылып ар кайсы бир жеринен.
Козусун тууп таштап салган кой сымал,
Кыш өзү да кыш экенин жериген.

Асман, аалам турат ак кар жыттанып,
Муздак аба мурунуңа чыпталып.
Төбөңдө суу, таманыңан ным урат,
Сызга, тузга калган өңдүү чыкталып.

Ороп алып туман тоону, асканы,
Келаткандай жерди бир жоо басканы.
Киргил тартат жуулбаган шейшептей,
Кабак бүркөп кыштын түнкү асманы.

Токсон бар го тоңсо экен деп жер тилейт,
Жерге сиңбей суулар агып мелтирейт.
Суу астында жылма муздар жылтырап,
Сыртка чыксаң коюнуңу жел тирейт.

Капронун кийип чыгып заматта,
Кыздар кышты алып жатат мазакка.
Атың бороон, үйүң тозоң кыш болсоң,
Сен эч нерсе кыла албасаң азап да.

Төрөттү окшойт кесип ичин кесаре...
Же кыш эмес, же жаз эмес, не чара?
Кындан түшүп муздан бүткөн кылычы,
Ылай болуп жолдо жатат бечара.

Мал короодо чыла кечип топурап,
Үйдө жылуу, мештин ысык оту урат.
Ара төрөп койгон кыштын баласын,
Жамгыр ыйлап соорото албай отурат.

ӨМҮРБЕК ТИЛЛЕБАЕВ,
Бишкек, Көлмө. 2021-жыл, 8-февраль

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн