Кыш мезгилинде электр жарыгы маал-маалы менен өчүрүлбөйт. Мындай пикирин Энергетика министринин орун басары Талант Ибраев Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
Анын айтымында, азыркы учурда оңдоо иштери дээрлик аяктап калды.
"Дүйшөмбү күнү күз-кыш мезгилине даярдык боюнча жыйын өткөрдүк. Азыркы учурда даярдыктар 80 пайызга көрүлдү. Буйруса кышында маал-маалы менен электр энергиясы өчүрүлбөйт",- деди министрдин орун басары.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн