- Пекин-2022 кышкы Олимпиада оюндарынын алкагында муз үстүндө бийлөө боюнча мелдешке катышып жаткан россиялык спортчу Камила Валиева эркин бийинен кийин 4-орунду ээлеп калды.
Мелдешке фаворит катары катышып жаткан 15 жаштагы Валиева мыкты бийлегенине карабастан атаандаштарынан азыраак упай алып калган.
1-орунду россиялык Анна Щербакова, 2-орунду да россиялык Трусова, 3-орунду жапон спортчусу ээледи.
Эске салсак, буга чейин Эл аралык Олимпиада комитети Камила Валиеванын канынан допингдин составындагы зат табылганын билдирген.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн