Чын курандын 29, 2024
Убакыт: 14:33
USD
88.80
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Кышкы Олимпиада оюндарында тарых жараткан 16 жаштагы Камила Валиева допинг колдонгон деп шектелүүдө

10.02.2022 09:19
756
Кышкы Олимпиада оюндарында тарых жараткан 16 жаштагы Камила Валиева допинг колдонгон деп шектелүүдө

Россиялык 16 жаштагы муз үстүндө бийлөө боюнча Европа чемпиону Камила Валиева допинг колдонгон деп шектелүүдө. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары билдирди.


Маалыматка ылайык, Камила Валиева буга чейин кышкы Олимпиада оюндарынын алкагында муз үстүндө бийлөө боюнча командалык мелдеште бийлеп, кышкы Олимпиада оюндарында 4 жолу айланган алгачкы муз бийчиси болуп тарых жараткан.


Олимпиада федерациясынын Допингге каршы күрөшүү комитети  Валиеваны допинг колдонгон деп шек санап, анализ тапшырткан.

Ал эми орус спортчулары муну алдыда боло турган мелдеште Камила Валиевага карата психологиялык басым деп эсептейт.

Камила Валиева өзү допингди эч качан колдонбогонун билдирип, шек саноолорду толугу менен четке какты.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн