Биринчиден, албетте, витаминдер. Унутпаңыз, учурда эч кандай жашылча-жемиштер толук кандуу витамин комплексин алмаштыра албайт. Ошондуктан, врачтар витаминдер курсун ичүүнү сунушташат. Аларды дарыгер менен чогуу тандап алсаңыз жакшы болот.
Жумасына бир жолу спорт менен машыгып коюп, кээде кечки тамактан баш тартуу менен ашыкча салмак көйгөйүнөн арылам деген жаңылыштык. Калориялардан арылуу үчүн системдүү түрдө физикалык активдүүлүккө убакыт бөлүп, уктаардан бир нече саат мурун тамак жебешиңиз керек.
Оорунун биринчи эрежеси байкалары менен интернеттен жооп издеп, өз алдынча дарыланбаңыз. Өзүңүздү жаман сезсеңиз, интернеттен жана атайын ден соолукка пайдалуу форум деген баракчалардан жооп издебеңиз. Ден соолукта көйгөй болбосо дагы, жылына бир жолу медициналык кароодон өтүп туруу зарыл.
Пайдалуу азыктардан акча үнөмдөбөңүз
Кээде пайдалуу тамак-аштар кымбатка турушу мүмкүн. Бирок, туура жана тең салмактуу тамактануу ден соолуктун жана узак өмүрдүн ачкычы экендигин унутпаңыз. Мындан тышкары, туура тамактануу келбетти жакшыртат, карылык процессин жайлатат, теринин, чачтын жана тырмактын абалына жакшы таасир берет. Дан эгиндерин (сулу, гречка, күрөң күрүч), балыктарды, жашылчаларды, жемиштерди, үрөндөрдү (кунжут, чиа), жаңгактарды үзгүлтүксүз жеп туруңуз.
Уйкунун жетишсиздиги ден соолукту начарлатат
Түн ортосунан кийин уктап, эртең мененки саат 7де турууга зарыл учурларда гана уруксат берилет, бирок күн сайын эмес. Тамеки чегүү бырыштарды жана карылык процесстеринин тез өнүгүшүн шарттайт. Жаш жана жаңы көрүнүүнү сактап калууну каалоо – бул аялдын каалоосу гана эмес, эркектер дагы мүмкүн болушунча жаш бойдон калууну каалашат. Бирок тамеки тартуу ички органдарга гана эмес, сырткы көрүнүшүнө дагы терс таасирин тийгизет. Ошондуктан тамеки чеккендер өз курагынан жаш көрүнбөйт.
Булак: "Азия Ньюс" гезити
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн