Бугу 19, 2024
Убакыт: 00:16
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Киштиану Роналду коронавируска каршы күрөшүү үчүн Португалиядагы ооруканаларга жардам берет

25.03.2020 08:44
641
Киштиану Роналду коронавируска каршы күрөшүү үчүн Португалиядагы ооруканаларга жардам берет


“Ювентус” командасынын оюнчусу Криштиану Роналду жана анын агенти Жорже Мендеш Португалиядагы эки ооруканага интенсивдүү жардам көрсөткөн үч бөлүм уюштурат. Бейтапкананын бири Порту, экинчиси Лиссабон шаарларында жайгашкан.


“Жорже Мендеш жана Криштиану Роналду Лиссанбондун ооруканасына эки интенсивдүү терапия көрсөткөн бөлүмдөрдү куруп берет. Ар бир бөлүмү медициналык жабдыктар менен толук камсыздалып, коронавирус инфекциясын жуктуруп алгандар дарыланат. Ал бөлүмдөр Роналду жана Мендештин атынан аталат”, - деп билдирген Лиссабондун бейтапканасынан.


Эске салсак, Роналду өзү Мадейра аралында карантинде жатат. Буга чейин “Ювентустун” 3 оюнчусунан коронавирус илдети аныкталган, Криштианун вируска каршы тапшырган тесттен илдет белгилери чыккан эмес.  

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн