Бугу 07, 2024
Убакыт: 10:31
USD
88.70
89.60
EUR
95.20
96.20
RUB
0.950
0.975

Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан темир жолу: Муз ордунан жылдыбы?

29.10.2021 12:05
1177
Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан темир жолу: Муз ордунан жылдыбы?


Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу боюнча бардык документтер даяр. Ошондой эле Өзбекстан менен акыркы сүйлөшүүлөр дагы бүттү. Алдыда кыргыз президентинин Кытайга сапары турат. Бул жөнүндө шаршембиде Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди. 


Акылбек Жапаровдун Жогорку Кеңеште берген маалыматына караганда, жыйырма жылдан ашык убакыттан бери сөз болуп келаткан Кытай менен Европаны бириктирген ири транспорттук  долбоорду ишке ашырууга практикалык кадамдар башталган сыяктуу. Эң кеминде Кыргызстан өзүнө тийиштүү бөлүгүн тактап, Өзбекстан менен дагы макулдашып бүткөн экен. Бирок аны каржылоо кандай болот, ким канча чыгарат, ушул жагы сүйлөшүлүп бүтө элек.

Өкмөт башчынын айтымында, темир жолдун Кыргызстан аркылуу өтө турган аралыгы 280 чакырым болот, анын ичинен 57 чакырымы туннел болуп курулат.

Кытайдан келе турган темир жолу Нарын областындагы Торугарт менен өтөт деп мурдакы маалыматтарда айтылып келген эле. Андан Казарман-Жалал-Абад багыты менен кетет. Жалал-Абаддан ары Өзбекстанга кошулган темир жол тилкеси бар. Андан ары Афганистан, Иран, Түркияны аралып кетет.

Бул долбоор талкууланып жатканда темир жолдун жазылыгы боюнча Кытай менен көпкө чейин талаш-талкуулар болду. Жыйынтыгында эл аралык стандарт деген өлчөмгө токтошкону кабарланган.

Бул жолдун Кыргызстан үчүн транспорттук туюктан чыгуу үчүн мааниси чоң. Алдын ала эсептөөлөр боюнча Кыргызстан өз аймагы аркылуу өткөргөн жүктөн жылына 200 миллион доллар табат деп эсептелген.  

Өзбекстан үчүн да Кытай менен байланыштырган жолдун экономикалык-стратегиялык мааниси чоң. Ал эми Кытай үчүн Европага чыгууга эң кыска жол болуп саналат. Бирок ошондой болсо да ал көп өлкөлөрдүн чек араларын кесип өткөндүктөн, бир катар эксперттер анын рентабелдүү болоруна көзү жетпей турганын айтып келатат.

Марат Мүсүралиев, регионалдык долбоорлор боюнча эксперт:

"Кытайдан Европага Кыргызстан аркылуу канча чек ара болот: биринчиси кыргыз-кытай, болгондо да 3600 метр бийиктикте. Экинчиси, кыргыз-өзбек чек арасы, үчүнчүсү Ɵзбекстан-Түркмөнстан чек арасы, төртүнчүсү Түркмөнстан-Иран, бешинчиси Иран-Түркия, алтынчысы Түркия-Европа биримдиги. Алты чек ара аркылуу транзит уюштуруу мүмкүнбү? Ар бир чек арада ар бир жагынан эң кеминде үч текшерүү болот. Чек ара көзөмөлү, бажы көзөмөлү, фитосанитардык текшерүү. Ошону менен ар бир чек арада алты текшерүү болот. Андан кийинкиси Борбордук Азиянын темир жолдору Россиянын темир жол стандарты менен салынган, туурасы 1521 мм. Кытайда, Иранда болсо жолдун кеңдиги -1435. Ошондо ар бир вагон, ар бир цистерна, ар бир контейнер Кытайдан Борбордук Азияга келгенде башка вагонго көчүрүш керек, же ошол вагонду көтөрүп, алдындагы дөңгөлөктү алмаштырыш керек болот. Борбордук Азиядан Иранга барганда кайрадан көтөрүп, кайрадан алмаштырыш керек. Анысы аз келгенсип, Түркияда Ван деген көл бар. Ванда темир жол жок, эки жагында порттор бар. Ар бир жүктү кайрадан кемеге салып, көл менен өтүп, кайрадан темир жолго жеткизиш керек. Ошону менен баардыгы алты чек ара, отуз алты текшерүү, жүктөрдү төрт жолу которуп көчүрүү. Ушунча тоскоолдук менен транзит уюштурууга мүмкүнбү?" .


Кыргызстан кайсы акчасына салат?

Кыргызстанды аралап, Кытайдан Европага кеткен темир жолдун чыгымы канча болот, так маалымат жок. Башында 3-4 миллиард доллар деген маалымат болгон эле, азыр бул эки-үч эсе көбөйүп кетти. Кыргызстандын бул жолго сала турган акчасы жок. Кыргызстандын баш калаасы Бишкек менен региондордогу кан жолдору Кытайдан акчасына салынып жатканы белгилүү. Демек, акчасы бар Кытай курат, анын ордуна Кыргызстан эмне менен төлөйт, кеп ошондо.

2011-жылы ошол кездеги минералдык ресурстар комитетинин башчысы Замирбек Эсенаманов темир жол салуунун акысына кен байлыктарды беребиз деген схеманы жарыялаганы белгилүү. Жаңы өкмөттүн кандай пландары бар, Садыр Жапаров Кытайга кандай сунуш менен барат, азырынча ачыктала элек.

Бирок, өлкөдө Кытайга каршылык маанай күчтүү экени белгилүү. Казармандагы, Солтон-Сарыдагы алтын казып аткан кытай ишканаларына жергиликтүү эл каршы болуп, алардын лагерлерин өрттөп, жумушчуларын кууп чыккан. Ошондуктан эл ичиндеги каршылык маанай жоюлмайынча бул иштин башталышы оңой болбойт. 


Булак: Би-Би-Си

Даярдаган: Кубат Чекиров

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн