Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 00:57
USD
88.90
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.950
0.975

Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан темир жолунун Жалал-Абад аркылуу өтүүчү аралыгын изилдөө жумуштары башталат

11.08.2022 15:54
610
Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан темир жолунун Жалал-Абад аркылуу өтүүчү аралыгын изилдөө жумуштары башталат

Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан темир жолунун Жалал-Абад аркылуу өтүүчү аралыгын изилдөө жумуштары башталат. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирет.


Маалыматка ылайык, келерки жылдын жазына чейин темир жолдун техникалык экономикалык негиздемеси толук даяр болот. Азыркы учурда ага карата тийиштүү аракеттер жүргүзүлө баштады.


Бүгүн Жалал-Абад облусунун башчысы Абсаттар Сыргабаев “Кытай темир жол курулуш корпорациясынын биринчи долбоорлоо жана изилдөө институтунан” келген адистер менен жолугушту.


Анда кырктан ашуун атайын адистер үч ай аралыгында облустагы темир жол өтүүчү аймактарды тактап, геодезиялык изилдөө, геологиялык чалгындоо иштерин алып барышат.


Жолугушууда облус аймагында жумуш аткаруудагы кызматкерлердин ар тараптуу коопсуздук маселелери талкууланды. Президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү иш аткарууда тоскоолдуктар жаралбоосу үчүн укук коргоо органдарынын кызматкерлеринен бөлүнүп, коопсуздук чаралары толук көзөмөлгө алаарын билдирди. Мындан сырткары адистердин ден соолугу медицина кызматкерлеринин кароосунда болоорун айтып, көмөктөшүү боюнча бардык тийиштүү тармактардын жетекчилерине тапшырмаларды берди.


Долбоордун негизги максаты Кыргызстан, Кытай жана Өзбекстан өлкөлөрүнүн ортосунда темир жол байланышын бириктирүү болуп эсептелет. Бул темир жол магистралынын курулушу Кыргызстанга мамлекеттин экспорттук потенциалын ишке ашыруу, Азия – Европа кургак транзиттик байланышын түзүүгө жол ачат.


 

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Жала
Жалал абаддын кайсыл жеринен отот,темир жол.картасы барбы?