Аяк оона 08, 2024
Убакыт: 08:25
USD
84.10
84.60
EUR
92.80
93.80
RUB
0.920
0.960

Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолунун курулушу августта башталат

13.06.2024 11:50
867
Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолунун курулушу августта башталат


Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолунун курулушу быйыл августта башталат. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров парламентте билдирди.


Өкмөт башчы учурда Кыргызстандын экономикалык абалы, ашыра турчу ири долбоорлору тууралуу маалымат берип жатат. Жапаровдун айтымында, курулушка каражат табылды.


"Бул жол Шанхай менен Париждин ортосундагы эң кыска жол болот. Даңазалуу Жибек Жолу кайрадан жаралат. Каржы модели бекилип, курулушка делген акча табылды. Өмүр жолу боло турган долбоор ишке аша баштады", — деди ал парламентте.


Курулушка үч өлкөнүн лидерлеринин катышуусунда старт берилери айтылды.


Белгилей кетсек, аталган темир жол курулушу боюнча бир катар маршруттар талкууланып, соңунда Торугарт — Арпа — Макмал — Жалал Абад аркылуу өтө турган вариантына токтолушкан. Темир жол курулса Кытай менен Борбор Азияны байланыштырып, Европа жана Перс булуңундагы өлкөлөргө жаңы транспорт каттамдарын ачат. Бул магистраль салынып калса Кыргызстан транзиттик өлкөгө айланмакчы.


Буга чейин президент Садыр Жапаров аталган долбоор өлкөгө 25 миллиондон 50 миллион долларга чейин пайда алып келерин айткан.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн