Бугу 19, 2024
Убакыт: 18:20
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолунун курулушу октябрда башталат

07.05.2024 12:30
106
Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолунун курулушу октябрда башталат


Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолунун курулушу октябрда башталат. Бул тууралуу Садыр Жапаров Ош облусуна болгон сапарында билдирди.


Бишкек, Пекин жана Ташкент бул мегадолбоорду ишке ашыруу механизми боюнча бирдиктүү пикирге келишкени буга чейин маалым болгон. Кытайдын темир жол боюнча мамлекеттик корпорациялары аны ишке ашырууга даярдыгын билдиришкен.


Темир жол курулса Кытай менен Борбор Азияны байланыштырып, Европа жана Перс булуңундагы өлкөлөргө жаңы транспорт каттамдарын ачат. Кыргызстан бул магистраль салынып калса транзиттик өлкөгө айланмакчы.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн