Теке 09, 2025
Убакыт: 13:46
USD
87.30
87.80
EUR
101.90
102.90
RUB
1.110
1.135

Кытай 74 өлкөнүн жарандарына өлкөгө визасыз кирүү мүмкүнчүлүгүн берди

09.07.2025 09:57
18
Кытай 74 өлкөнүн жарандарына өлкөгө визасыз кирүү мүмкүнчүлүгүн берди


Туристтерди тартуу жана өлкөнүн дүйнөлүк аренадагы аброюн көтөрүү максатында Кытай 74 өлкөнүн жарандарына өлкөгө 30 күнгө чейин визасыз кирүү мүмкүнчүлүгүн берди. Бул тууралуу Казинформ агенттиги жазды. 


Агенттиктин маалыматына караганда, визасыз кирүү алгач 2023-жылдын декабрында Франция, Германия, Италия, Голландия, Испания жана Малайзиянын жашоочулары үчүн киргизилген. Кийинчерээк бул тизме кеңейтилип, азыр Европанын дээрлик бардык өлкөлөрүн, ошондой эле Азиянын, Жакынкы Чыгыштын жана Латын Америкасынын айрым өлкөлөрүн камтыйт.


16-июлдан тарта тизмеге Азербайжан да кошулат. 

Кытай бийликтеринин айтымында, 2024-жылы өлкөгө визасыз келген чет элдиктердин саны 20 миллиондон ашкан, бул 2023-жылга караганда дээрлик эки эсеге көп.


Америка Кошмо Штаттарынын, Канаданын, Улуу Британиянын, Швециянын, Россиянын жана башка кээ бир өлкөлөрдүн жарандары үчүн учурда Кытай аркылуу башка өлкөгө бара турган болсо, 10 күнгө чейин визасыз транзит гана бар.

Кытайдын Туризм академиясынын эксперти Лю Сианяндын айтымында, визасыз саясат экономикага гана жардам бербестен, өлкөнүн чет өлкөлөрдөгү аброюн жакшыртат.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн