Урматтуу окурмандар, менин атым Жумагүл. Мен Кыргызстандын жаранымын жана Кытай Эл Республикасынын Үрүмчү шаарында 10 жылдан ашык жашап, иштеп келе жатам. Эпидемия жүрүп жаткан маалда Үрүмчү шаарында болчумун.
Бул илдет Кыргызстанга жетпей өтүп кетет, деген ойдо элем. Бирок менин өлкөмдө да бул оору катталганын угуп зээним кейип, жүрөгүм ооруду. Ушунча болуп калгандан кийин мен дагы өз жердештериме бул илдетти Кытай, анын ичинде Үрүмчү элдери оорууну жеңгенип алууда кандай чараларды кабыл алгандыгы тууралуу бөлүшкүм келди.
Мен жашаган кичирайон – бул 3 дарбазалуу башкы кампус, анын ар биринде 5-6дан подъезди бар 20 үйдөн турат. Эпидемия жүрүп жаткан маалда бир дарбаза ачык калып, калган экөө жабылды. Жашоочулардын бардыгына кампусту таштоого жана бир жакка чыгып кетүүгө катуу тыюу салды. Дарбаза алдында күзөтчү жана нөөмөттөгү кварталдык кызматкер (бизче домком) 24 саат бою кайтарууга алышты. Ар бир үйдө бирден кварталдык кызматкер дайындалган. Менин таң калганым, ошол кампуста жашагандардын бири да бул чарага каршы болгон жок. Бардыгы жаш балдар, кары-картаңдар (Кытайда калктын негизги катмары) үйлөрүнөн эч жакка чыкпай отурушту. Көчөгө болгону таштанды төгүүгө жана дүкөнгө азык-түлүк алууга гана чыгып жатышты. Бир үй-бүлөдөн бир гана адамдын чыгуусуна уруксаат. Бардыгы бет капчан. Короодо болгону 5-6 гана адам жана иттер калгандай, башка эч ким калбай калгандай көрүнөт.
Маңдайдагы кошуна абдан жигердүү адамдар эле. Карантин жарыялана электе баласы менен атасы башка провинцияга кетишкен болчу. Кайра кайтып келген учурда карантин киргизилип калган. Ошол үй-бүлөнүн кожейкеси: “Жолдошум менен балам үйгө кайтып келишти, биз карантиндебиз. Биздин үйдү такылдатып эч ким келбесин, биз менен байланышканга болбойт”, деп эшигине жазып койгон, андан мындай чараны колдонуусун эч ким суранбаса дагы. Аларга азык-түлтөрдү кварталдык кызматкерлер алып келип берип, таштандыларын төгүп турушчу. Муну менен алар акыл эстүүлүк менен өздөрүн өздөрү камоого алып, башкаларга зыян тийгизбөөнүн аракетин кылышкан.
Курбум ооруканага кантип барды? (калган тест өзүнөн жазылган). Мен кош бойлуу элем, ооруканага кезектеги көрүнүүгө бармакмын. Ооруканага бара турган күндөн бир күн мурда кварталдык кызматкерге бардык документтерди жана анализдеримди көрсөтүп уруксат алдым. Төрөт үйүнө барган кезде оорукананын ичине тургай короосуна киргизген жок. Жазылуу бүтүп калганын айтышты. Андан мурун бир төрөт бөлүмүндө үчтөн врач иштеп, күндүн жарымына чейин 50дөй адамды кабыл алып жатышкан. Биз барган учурда бирден гана врач нөөмөткө чыгып, 20 кишиден кабыл алып жатыптыр. Бизди кийинки күнү бет кап, коргоочу кийимдерди кийген адамдар температурабызды өлчөп, тиешелүү маалыматтардыбызды жазып, анан ооруканын имаратына киргизди. Ал жерде дагы ошондой процедура, экинчи кабатка чыкканда дагы ошондой текшерүүдөн өттүк. 15 мүнөттүн ичинде 3 жолу текшерүү болду. Ооруканада эл абдан аз эле, көрсө төрөт бөлүмү жана тез жардам кызматы гана иштеп жаткан экен. Калган бөлүмү бары карантинге жабылган. Дагы бир кызыктуу жагдай, лифтте кнопканы басуу үчүн тиш чукугуч жана бир жолу колдонулуучу стакан коюп койгон, кнопканы тиш чукугуч менен басып, андан соң стаканга салып ыргытып ийүү талап кылынган. Ал эми бейтаптар бет капчан жана медициналык колкапчан.
Ооруканага бара жатканда жол бизге гана арналгандай, жол кыйымылын көзөмөлдөөчүлөрдөн башка бир да кыймыл, унаа көрүнбөйт. Ар бир кесилиш сайын ГАИ кызматкерлери токтотуп текшерип, уруксат кагазын карап өткөрүп жатты. Оорукадан үйгө келгенге чейин 8 жолу текшерүүдөн өттүк жана кампустун кире беришинен дене табымды өлчөп жана башка текшерүү чараларын көрүп анан коё беришти.
Кварталдык кызматкердин (домком) айтып берүүсү: Биз андан кичирайондо оору боюнча катталгандар барбы, деп сураганыбызда. Жок, бирок Ухань шаарынан келгендер бар, алар карантинде деп жооп берди. Биз билгенден алар январда эле келишкен, бүгүнкү күнгө чейин эшикке чыкпай үй карантинине алынышкан. Ошондой эле, ал бир окуяны айтып берди. Башка өлкөдөн келген үй-бүлө мүчөсүнүн башчысы 14 күнгө карантинге алынган. Ал убакыт аягына чыгып, ооруканага чыгууга уруксаат сурайт. Ооруканага барып келгенден кийин эки күндөн соң үйүнө тез жардам кызматы келип, ал киши жана анын үй-бүлөсүн алып кетишкен. Көрсө, ооруканада кезекте турганда жанындагы адамдан вирус аныкталып, аны менен байланышкан адам катары ал күнү каттоодон өткөн адамдын барын обсервацияга алып кетишкен жана үй-бүлөсүнө кайрадан үй карантини жарыяланган.
Жалпы тамактануучу жайлар эмне болду? Бардыгы тегиз жабылган. Жеткирип берүү кызматтары аздан иштешет. Вирустун катталуусу нөлгө түшкөндө гана кафе, ресторан жана башка тамактануучу жайлардар азыноолок иштеп баштады. Бирок адамдарды киргизбейт, болгону буйрутмаларды ташып жеткирүү кызматын аткара беришет. Айрым жумушчулар иштеп башташты, тамактануу учурунда кафеде отуруп ичишпейт, бирок өздөрү менен алып кетишет.
ММКнын ролу - бардык массалык маалымат каражаттары: радио, телеканал, интернет булактары бирдей иш алып барышты. Бардыгы бул оорудан сактануу, алдын алуу тууралуу маалыматтарды таратып жатканын көрүүгө болот. Ошондой эле рекламалардын ордуна коронавирус тууралуу социалдык роликтер көрсөтүлуп турду.
Жумушка кантип чыктык? Үрүмчү шаарында коронавирус катталган учурда жокко эсе болуп баштаганда гана акырындап ишке чыга баштадык. 16-марттан тартып ишке ыктык. Кайрадан жумушка чыгуу үчүн справка сурамай, тиешелүү анкеталарды толтурмай, бир нече документтер топтомун чогултуп бармай. Жумушка кирип баратканда ар бир тосмо, кабат сайын температураны текшертип, анкета толтурмай, кабинетке киргенде дагы дене табыңды өлчөтөсүң. Жалпы чогулуштар өткөн жок. Бардыгыбыз бет кап тагынуудабыз.
Мектепте окуу башталды: Бул мезгил аралыгында бардык окуучулар үйүндө гаджет аркылуу дистанттык негизде билим алууга өтүшкөн. Күнүгө мугалим сабактарын текшерип турат. Баса, ар бир ата-эне өз балдарынын дене табын текшерип, маалымат берип турууга милдеттендирилген. 23-марттан баштап билим алуу мекемелери иштей турганын жарыялашты. Атайын дайындалган анкеталарды, документтерди толтуруп, окууга барууну уланта башташты. Мектептен балдардын жанында бет кам жана дезинфекциялык каражаттар болуусун айтышты.
Үрүмчү шаарында 20 млн адам жашайт. 76 адам гана бул ооруга чалдыккан. Оору эң аз катталган аймактын бири болуп саналган. Адамдар менен бийлик органдарынын ортосундагы биргелешкен аракет жана катуу тартиптин арты менен ушундай жеңиш орноду.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн