Кытай бийлиги Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмуна коронавируска каршы күрөшүү үчүн 30 миллион доллар бөлүп берет. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, Кытай бийлиги март айынын башында да 20 миллион доллар бөлүп берген, эми ага кошумча дагы 30 миллион доллар берет.
Эске салсак, коронавирус илдети 2019-жылдын соңунда Кытайдын Ухань шаарында катталган. Ал эми дарт дүйнөгө таркап Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму 11-мартта вирусту пандемия деп тапкан. Соңку маалыматтар боюнча инфекциядан 180 миңден ашык адам көз жумуп, 2,6 миллиондон ашык адам ооруну жугузуп алган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн