Бугу 15, 2024
Убакыт: 03:53
USD
88.40
89.30
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Кытай Европадан кызыл балык ташууну токтотту

17.06.2020 23:55
1029
Кытай Европадан кызыл балык ташууну токтотту


Пекин шаарынын “Синьфади” ири дүң соода базарында COVID-19дун жаңы очогу аныкталгандан кийин лосось балыгы вирустуу болушу мүмкүн деп сактанган Кытай Европадан балыктын бул түрүн ташып келүүну токтоткондугун “Рейтер” агенттиги маалымдады.


“Биз азыр Кытайга лосось жөнөтө албай жатабыз, аталган базар жабык”, - деп норвегиялык Bakkafrost компаниясынын башкы директору Реджин Якобсен агенттикке билдирген.


Ал эми Norway Royal Salmon компаниясынын сатуулар жана маркетинг бөлүмүнүн начальниги Стейн Мартинсен: “Биз жагдай ачыкталганга чейин Кытайга бардык сатууларды токтоттук”, - деп айткан. Аталган эки компаниянын өкүлдөрүнүн айтымында, балыкта вирус бар деген далилдер жок.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн