Бугу 17, 2024
Убакыт: 00:00
USD
88.40
89.30
EUR
95.80
96.80
RUB
0.960
0.980

Кытай Ысык-Көлгө 1000 мВт күн электр станциясын курат

08.04.2022 16:13
489
Кытай Ысык-Көлгө 1000 мВт  күн электр станциясын курат

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун энергиянын кайра жаралуучу булактары тармагындагы долбоорлорду өнүктүрүү боюнча тапшырмасын аткаруу алкагында Ысык-Көл облусунда 1000 мВт күн электр станциясын куруу боюнча Инвестициялык келишимге кол коюу аземи өттү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирет.


Меморандумга кол коюу аземи «Кыргыз Республикасынын энергетика секторун трансформациялоо» форумунда өттү.


Документке КР министрлер кабинетинин атынан энергетика министри Доскул Бекмурзаев жана экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев бир тараптан жана экинчи тараптан курамына «China Power International Development Limited (CPID)» жана «China Railway 20 Bureau Group Corporation (CR20G)» кирген кытай энергетика консорциумунун ортосунда кол коюлду.


Маалымдама: China Power International Development Limited дүйнөдөгү күн энергиясын өндүрүүчү эң ири компания болуп саналат жана Пакистан, Вьетнам, Казакстан, Германия, Австралия, Бразилия, Чили жана Мексика сыяктуу өлкөлөрдө иштейт. Кызматкерлердин саны 12 000 ашуун адамды түзөт. Компаниянын жалпы орнотулган кубаттуулугу 48,7 ГВт (биздин өлкөдө, салыштыруу үчүн - 3,93 ГВт).


China Railway 20th Bureau Group Corporation 1948-жылы түзүлгөн жана өз ишмердүүлүгүн Ангола Республикасы, Монголия, Мозамбик Республикасы, Бразилия Федеративдик Республикасы, Пакистан Ислам Республикасы сыяктуу өлкөлөрдө жүргүзөт. Кызматкерлердин саны 20 000 ашуун адамды түзөт. Жогоруда аталган мамлекеттердеги инвестициянын жалпы көлөмү 6,1 млрд АКШ долларын түзөт.


 


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн