Бугу 17, 2024
Убакыт: 12:37
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Кытай: Кыргызстан менен достук мамилебизди уланта беребиз

11.01.2021 18:22
645
Кытай: Кыргызстан менен достук мамилебизди уланта беребиз

 Кытай Кыргызстан менен достук мамилелерин уланта берет. Бул тууралуу Кытайдын Кыргыз Республикасындагы элчилигинен билдиришти.


"Кыргыз Республикасынын коңшусу жана ар тараптуу стратегиялык өнөктөшү катары Кытай кыргыз тарап тандап алган өнүгүү жолун ар дайым урматтайт, кыргыз тарап мыйзам чегинде маанилүү саясий процесстерди ийгиликтүү аяктап, өлкөдөгү туруктуулукту сактап, мамлекеттин өнүгүүсүн жүзөгө ашырат деп терең ишенет"- деди Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Чжао Лицзян.

 Ошондой эле, кытай тарап ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүктөгү кытай-кыргыз мамилелерин илгерилетүү максатында кыргыз тарап менен эки тараптуу өз ара пайдалуу кызматташтыкты ар дайым тереңдетип, Кыргызстан менен достук мамилелерин уланта берерин баса белгиленди.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн