Кыргызстан Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу боюнча бардык долбоорлоо иштерин бүтүрдү. Бул тууралуу бүгүн, 27-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.
Анын айтымында, министрлер бардык керектүү келишимдерди даярдап койгон.
Кыргызстандын аймагы аркылуу 280 чакырым темир жол өтсө, анын 57 чакырымы тоннелдер аркылуу өтөт.
Жапаров Кытай менен чек аралар азыр коронавируска байланыштуу жабык экенин кошумчалады.
Кытай чек арасын ачылса, президент Садыр Жапаровдун иш сапары орундалып, аталган маселе талкууланып, чечилет.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн