Бугу 15, 2024
Убакыт: 20:50
USD
88.40
89.30
EUR
95.30
96.30
RUB
0.960
0.980

Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун долбоору талкууланды

07.02.2023 09:48
217
Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун долбоору талкууланды

Транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаев Кытай Эл Республикасынын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнь менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматынан кабарлашты.


Жолугушуунун жүрүшүндө жол-транспорттук тармагын эки тараптуу өнүктүрүү боюнча жемиштүү диалог болуп, Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан эл аралык темир жолунун курулушу тууралуу сүйлөшүү жүрдү.


"Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу долбоору бүгүнкү күндө Кыргызстандын эле эмес, бүтүндөй Борбор Азия чөлкөмүнүн экономикасын өнүктүрүү үчүн артыкчылыктуу долбоолордун бири", - деп айтылат билдирүүдө.


Мындан тышкары, жолугушууда тараптар эки өлкөнүн ортосундагы сооданы жогорулатуу максатында Кытай Эл Республикасына каттаган эл аралык жүк ташуучу унаалардын айдоочуларына виза берүү шартын карап чыгууну талкуулашты. Учурда Кыргызстандын 1 миң 500дөй айдоочусу визага муктаж.


Ошондой эле элчи Ду Дэвэнь 2023-жылдын 30-январынан тартып визага документтер дүйшөмбү, шаршемби жана жума күндөрү кабыл алып баштагандыгын баса белгиледи.


Жолугушуунун жыйынтыгында 2023-жылга карата эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүү пландары боюнча пикир алышып, эки мамлекеттин жол-транспорт жана темир жол тармагын өнүктүрүү боюнча кызматташууну улантууга макулдашышты.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн