Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Кытай Кыргызстандын калкынын эмдөөсүнүн деңгээлин 70 пайызга жеткирүү маселесин көтөрүп жатат. Мындай пикирин Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басары Кыялбек Мукашев бүгүн, Бюджет жана финансы боюнча комитетинин отурумунда билдирди.
Жолугушууда депутаттар КЭРден жүк ташуунун көлөмүн кыскаруу маселесин кайрадан көтөрүштү. Мукашев өткөрүү пункттарынан күнүнө 30-35 унаа гана өтөөрүн белгиледи.
"Ооба, бул жетишсиз. Себеби, Кытай менен сүйлөшүүлөрдө калкты эмдөө маселеси көтөрүлүп жатат”, - деди Кыялбек Мукашев.
Пикирлер (1)