Кытай бийлиги Кыргызстандын Коргоо министрлигине аскердик техникалык каражаттарды жардам катарында берди. Бул тууралуу министрликтен билдирди.
Техникаларды тапшыруу аземи 26-майда Улуттук Гвардиянын алдында өттү. Аземге Коргоо министри Таалайбек Өмүралиев менен Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвень атышты.
Өмүралиев Кытай бийлигине көрсөткөн жардамы үчүн ыраазычылык билдирди.
Көрсөтүлгөн жардам мурда эки тараптын аскердик структураларынын кызматташуусу тууралуу жетишилген келишимге ылайык берилди.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн