Аяк оона 23, 2024
Убакыт: 15:16
USD
84.00
84.50
EUR
93.00
94.00
RUB
0.890
0.930

Кытай Кыргызстанга гуманитардык жардам көрсөттү

19.08.2020 16:50
1143
Кытай Кыргызстанга гуманитардык жардам көрсөттү


Вице-премьер-министр Аида Исмаилова жана Кытай Эл Республикасынын Кыргызстандагы толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Ду Дэвень Кытайдан келген гуманитардык жардамды өткөрүп берүү иш-чарасына катышты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. 


Маалыматка караганда, вице-премьер-министр Аида Исмаилова өкмөттүн атынан кытай тарапка көрсөтүлүп жаткан көмөгү үчүн ыраазычылык билдирди. 


«Бүгүн достук мамиледеги Кытай Эл Республикасынан кезектеги гуманитардык жардам келип отурат. Бир аз убакыт мурда пандемия учурунда республикага Кытайдан медициналык кызматкерлердин тобу келип, кыргыз кесиптештерине чоң консультациялык көмөк көрсөтүп кетишкен. Белгилей кетсем, Кыргызстандын президентинин демилгеси боюнча республиканын бардык региондорунда ооруканалар курулуп, имараттар оңдолууда, анда медициналык мекемелер жайгаштырылат. Алынгын жардамдар аталган жаңы ооруканаларды жабдууга багытталмакчы», - деп белгиледи вице-премьер-министр.


Гуманитардык жүк медициналык жабдуулардан, дары-дармектерден жана жеке коргонуу каражаттарынан турат. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн