Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 02:02
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Кытай Кыргызстанга кайтарымсыз негизде 200 млн юань бөлөт

19.09.2024 16:02
240
Кытай Кыргызстанга кайтарымсыз негизде 200 млн юань бөлөт


Кытай Кыргызстанга 200 млн юань өлчөмүндө грант бөлөт. Тиешелүү меморандумга бүгүн Пекин шаарында Кыргызстан менен Кытайдын ортосунда соода-экономикалык кызматташтык боюнча кыргыз-кытай өкмөттөр аралык комиссиясынын ишинин жыйынтыгында кол коюлду.

Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришкендей, кыргыз тараптан министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев жана кытай тараптан Эл аралык кызматташтык жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттигинин директору Луо Чжаохуэй кол койду.

Макулдашуу КР Экономика жана коммерция министрлигинин кытай тарап менен жүргүзгөн сүйлөшүүлөрүнүн натыйжасында ишке ашты.

Белгиленгендей, бөлүнгөн гранттык каражат артыкчылыктуу багыттардагы социалдык маанилүү долбоорлорду ишке ашырууга жумшалат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн