Чын курандын 19, 2024
Убакыт: 08:35
USD
89.10
89.87
EUR
94.70
95.70
RUB
0.935
0.960

Кытай Кыргызстанга кайтарымсыз түрдө 13 млрд сом бөлөт

31.12.2021 19:12
2030
Кытай Кыргызстанга кайтарымсыз түрдө 13 млрд сом бөлөт

Кытай Кыргызстанга 1 миллиард юань берет. Бул тууралуу Экономика  министрлигинин маалымат кызматы билдирет.


Кыргызстан менен Кытай эл республикасынын буга чейинки жогорку деңгээлде жүргүзүлгөн сүйлөшүүлөрүнө ылайык, 31-декабрда Экономика министрлигинде Кытай өкмөтү тарабынан берилчү кайтарымсыз жардам тууралуу эки келишимге кол коюлган.


"Биринчи келишимдин алкагында 350 миллион юань, экинчиси боюнча 650 миллион юань берүүсү каралууда. Жалпысынан Кытай Кыргызстанга 1 миллиард юань (13 миллиард сом) бөлөт. Ал каражат буга чейин тараптар сүйлөшкөн социалдык-экономикалык жана инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашырууга жумшалат", — деп айтылат маалыматта.


Келишимге кыргыз тараптан министр Данияр Амангелдиев, ал эми коңшу өлкө тараптан Кытай эл республикасынын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнь кол койгон.


Жолугушуунун жүрүшүндө Амангелдиев Кытай Кыргызстандын соода жана инвестиция боюнча негизги өнөктөштөрүнүн бири экенин белгилеген.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн