Бугу 17, 2024
Убакыт: 19:33
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Кытай Кыргызстанга кезектеги 63 миллион сомдук гуманитардык жардам берди

02.04.2021 09:57
872
Кытай Кыргызстанга кезектеги 63 миллион сомдук гуманитардык жардам берди

 1-апрелде, Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинде Кытай Эл Республикасынын Өкмөтү тарабынан жиберилген гуманитардык жардамдын кезектеги партиясын тапшыруу аземи болуп өттү. Иш-чара Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев жана Кытай Эл Республикасынын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарымдуу укуктуу Элчиси Ду Дэвэнь айымдын катышуусу менен өттү. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы кабарлады.


 Гуманитардык жардам катары жалпы суммасы 63 миллиондон ашык сомду түзгөн бир жолу колдонулуучу медициналык коргоочу кийимдер, бир жолу колдонулуучу стерилденген хирургиялык резина колкаптар, хирургиялык беткаптар, медициналык коргоочу беткаптар, медициналык коргоочу көз айнектер,  бир жолу колдонулуучу бахилалар, бир жолу колдонулуучу медициналык халаттар, бир жолу колдонулуучу медициналык шапкалар, инвазивдүү эмес өпкөнү жасалма желдетүү аппараттары, реалдуу убакыттагы ПЧР система аппараты, нуклеин кычкылдыгын бөлүүчү система аппараты тапшырылды.


Өз сөзүндө министр А.Бейшеналиев КЭР Өкмөтүнүн COVID-19 пандемиясына каршы турууда Кыргызстанга көрсөткөн олуттуу жардамын баса белгилеп, кыргыз-кытай стратегиялык өнөктөштүгүн жогорку деңгээлде колдоп жатканы жана COVID-19 коронавирус инфекциясын жок кылуу иш-чараларына кайдыгер карабагандыгы үчүн ыраазычылык билдирди: " Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин атынан жана жеке өзүмдүн атыман Кытай Эл Республикасынын Өкмөтү жана Кытай Эл Республикасынын Кыргызстандагы Элчилиги тарабынан көрсөтүлүп келе жаткан жардам үчүн терең ыраазычылык билдирем. Коңшу эки өлкө  ортосундагы жылуу, достук мамилелердин мындан аркы өнүгүүсүнө ишеничим зор".

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн